"Кадастрдын" жаңы курулуп жаткан имаратында ыңгайлуу шарттар түзүлөт

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 17:51
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы курулуп жаткан 6 кабаттуу имаратында жарандарга жана кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тааныштырылып жаткан учурунда белгилүү болду.

Заманбап стандарттар менен салынып жаткан жаңы имаратта күнүнө болжол менен 3 миң кишиге кызмат көрсөтүлөт. Ошондой эле анда заманбап кабыл алуу залдары, күтүү зоналары жана санариптик кызматтар, архив үчүн жаңы сактоо технологиялары жана жашыл эс алуу зоналары каралган.

Андан сырткары, мекеменин директору Эрнисбек Зарнаевдин билдирүүсү боюнча, санариптештирүү иштеринин алкагында мекеменин 8 кызматы "Түндүк" тиркемесине киргизилген.

WhatsApp Image 2025-09-19 at 17.49.30.jpeg

"Бул иштер жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жүргүзүлүүдө. Бул жерден жарандарга кыймылсыз мүлктү техникалык паспорттоштуруу, алып-сатуу, маалымкаттарды алуу, мамлекеттик актыларды алмаштыруу жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Муну менен бирге эле кызматтарды онлайн эмес, келип, өз колу менен жасагысы келген жарандар бар. Бул жаңы имаратта аларга дагы ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө",-деди ал.

Мекеменин жаңы имараты – жер маселелери боюнча мамлекеттик кызматтарды өркүндөтүүгө жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, кадастрдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө багытталган.