Кадамжайдын Совет айылында 2 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Аймак 13 апрель 2026 11:24
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.37.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.36.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-13 at 10.57.37.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Кадамжай районунун Совет айылында 2 миң тургун таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, тургундарды үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыздоо - “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында уланууда.

"Курулуш иштери 2026-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Бул, өз кезегинде, аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошот", — деп айтылат маалыматта.