Кадамжайдын 7 айылынын жашоочулары таза суу менен камсыз болот

Аймак 29 Июнь 2026 16:15
1033993552_0_127_1280_847_1920x0_80_0_0_f85c7c1bbd8c5611d5738f99878c5e74.jpg
728627320_1556613572498759_1414044241268327560_n.jpg
732151647_1556613602498756_5920545289021752172_n.jpg
732889135_1556613635832086_6138740250196057443_n.jpg
733280018_1556613642498752_1081998966447090251_n.jpg
733280022_1556613592498757_5347962968616871594_n.jpg
736053780_1556613582498758_3165237412105399967_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл аймагынын 7 айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Аталган аймакты таза суу менен камсыздоо демилгесин III жана IV Элдик курултайдын делегаттары Бердикул Аширов менен Муса Момуналиев көтөрүп чыгышкан.

Учурда бул маселе Дүйнөлүк банк каржылаган "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында чечилүүдө. Долбоорго өлкө боюнча 31 айыл тандалып алынган, анын ичинен 28и Баткен облусунда болсо, анын 7си Ак-Турпак айыл аймагына карайт.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Макканбаевдин айтымында, учурда 2 тик суу кудугу жана 3 суу кампасы үчүн жерлерди трансформациялоо иштери аяктады. Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте кудук казылып, алынган суу лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, ичүүгө жарактуу экени тастыкталды.

"Алдыда суу түтүктөрүн тартуу иштери башталат. Долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2027-жылы толугу менен аяктап, 7 айылдын тургундары таза суу менен камсыз болот", — деп айтылат маалыматта.