Кадамжайда Торговый базарындагы башаламандыкты жөнгө салуу иштери башталды

29 Январь 2025 14:28
475140232_1154964735996980_2985196576459456478_n.jpg
474922681_1154965152663605_1446989872848012369_n.jpg
474986902_1154964739330313_387462674976821_n.jpg
475155333_1154964915996962_4025317889170267365_n.jpg
475172155_1154964742663646_6623533435517174147_n.jpg
475200348_1154964942663626_2912963357366209917_n.jpg
475235061_1154964842663636_4189795483671239500_n.jpg
475363013_1154965145996939_6707709331190002323_n.jpg
475410785_1154965059330281_5371132427107748603_n.jpg
475426854_1154964945996959_7468305993345128227_n.jpg
475426952_1154964835996970_3953774066361902573_n.jpg
475446952_1154965149330272_1538393044762695585_n.jpg
475645567_1154965045996949_5861104406119238573_n.jpg
475778861_1154964805996973_3115885185577528226_n.jpg
475789252_1154965055996948_8059981664555550862_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Кадамжай районундагы Торговый базарын иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн базардын айланасындагы кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар, башаламан соода жүргүзүү, тартип, тазалык маселелери боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2-февралга чейин соода жүргүзгөн жайларын мыйзам чегинде иретке келтирүү эскертилди.

Ош - Баткен - Раззаков жолунун 175-чакырымында жайгашкан Торговый базарында унаа токтоочу жайдын жоктугунан, унаалар жол четине токтоп, кооптуу абал жаралган. Ал эми соодагерлердин тартипсиздигинен, жөө жүрүүчү тротуарлар азык түлүк сатуучу жайга айланган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2-февралдан тарта облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталат. Мындай чара жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү максатында көрүлүүдө.