Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүн саат 14:30дар чамасында Кадамжайда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, мындан улам суу сел өтмөктөрүнөн ашып, Ак-Кыя — Жийделик жана Кызыл-Булак — Тамаша унаа жолдорунда кыймыл убактылуу токтотулду.
"Учурда жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар нөөмөттө иш алып барууда. Жамгыр басылып, селдин агымы басаңдаары менен жолду тазалоо иштери жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.