Кадамжайда өрүктүн эрте бышкан түрүн өстүрүү колго алынды

Аймак 02 Апрель 2025 12:04
8be91ef9e9a651cbfee401174b01951b.730x0.jpg
photo_5431675930880897162_y.jpg
photo_5431675930880897153_y.jpg
photo_5431675930880897143_y.jpg
photo_5431675930880897142_y.jpg
photo_5431675930880897132_y.jpg
photo_5431675930880897129_y.jpg
photo_5431675930880897119_y.jpg
Алдыга
Артка
8be91ef9e9a651cbfee401174b01951b.730x0.jpg
photo_5431675930880897162_y.jpg
photo_5431675930880897153_y.jpg
photo_5431675930880897143_y.jpg
photo_5431675930880897142_y.jpg
photo_5431675930880897132_y.jpg
photo_5431675930880897129_y.jpg
photo_5431675930880897119_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек 02.04.25 /Кабар/. Кадамжайда өрүктүн эрте бышкан түрүн өстүрүү колго алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн ультра эрте түшүм берген заманбап бакта көчмө жыйын өткөрдү.

Ага Айыл чарба министрлиги менен жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун артыкчылыктары талкууланып, аны башка аймактарга жайылтуу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, бакты отургузуу бир нече этапка бөлүнгөн. Негизинен 160 метр тереңдиктеги кудук (скважина) бургуланып, суу сактагыч, тамчылатып сугаруу системасы жана тосмо GPS жабдуулары менен такталып долбоорлонгон.

Мында өрүктүн ультра эрте сорттору отургузулуп, сугаруу үчүн заманбап материалдарды колдонуу менен тамчылатып сугаруу системасы ишке киргизилген.

Ага катар климаттын оор шарттарына карата суунун туруктуу көлөмү аныкталып, 6500 м³ суу сактагыч курулган.

Жыйындын соңунда аталган долбоорду облустун башка аймактарына жайылтуу жана тажрыйба алмашуу боюнча семинарларды өткөрүү тууралуу бир катар чечимдер кабыл алынды.