Кадамжайда эттин баасын төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылды

Аймак 13 октябрь 2026 12:30

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кадамжай районунун тургуну эттин баасын төмөндөтүү жана алып-сатарлардын санын азайтуу үчүн мал базарларын жекшемби күндөрү өткөрүүнү сунуштады. Ал бул өтүнүчүн президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, мал базарлары ар кайсы күндөрү иштегендиктен, алып-сатарлар малды бир базардан экинчисине ташып, кайра сатышат. Бул малдын жана эттин баасынын кымбатташына алып келүүдө.

Ал өлкө боюнча мал базарларын бирдиктүү күнү — жекшембиде өткөрүүнү сунуштап, бул чара алып-сатарлардын санын азайтып, бааларга таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул маселени карап чыгууну Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырды.