Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда Миң-Чынар айылынын тургуну 1975-жылы курулган 15 орундуу оорукана бар экенин, ал эми айылдагы калктын саны 20 миңден ашканын айтты. Ал айыл өкмөтүнүн борборуна жаңы оорукана куруп берүүнү өтүндү.

Ошондой эле айыл өкмөтүнө көмөк чордон куруу, Кадамжай районунда 3 миң гектар жерге күрүч айдаган дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоо жана түшүмдү сатууга көмөк көрсөтүү маселелерин көтөрдү.
Мамлекет башчысы ага жооп катары жаңы оорукана куруу боюнча тапшырма берип, тургун көтөргөн башка маселелерди да тиешелүү тармактарга кароого тапшырды.