Кадамжайда өндүрүш жана инвестиция 2 эседен ашык өстү

12 октябрь 2026 10:58
Кадамжайда өндүрүш жана инвестиция 2 эседен ашык өстү
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу маалымат берип, мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 994,9 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 2 млрд 507 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн 3 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

Мындан тышкары, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын көлөмү 1 млрд 766,3 млн сомду түзгөн. 2026-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 2 млрд 838 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 4 млрд сом көлөмүндө инвестиция тартуу пландалууда.