Кадамжайда 200 га жерге тамчылатып суугаруу системасы орнотулат

Аймак Загрузка... 07 Август 2025 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы Алга айылында 200 гектар жерди бакка айлантуу максатында тамчылатып суугаруу системасын орнотуу иштерин баштады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө суугаруу системасына керектелүүчү түтүктөр жана башка жабдуулар кампага жеткирилди.

Мындан сырткары, бул жер тилкесин үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн эки даана тике кудук казуу иштери пландалган. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата биринчи тике кудук 140 метр тереңдикте казылып, түтүктөр орнотулду. Экинчи кудукту казуу иштери да башталып, тийиштүү жабдуулар тартылды.

Бул долбоор Кадамжай районунда суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, айыл чарба жерлерин натыйжалуу өздөштүрүүгө жана продуктивдүүлүктү жогорулатууга чоң салым кошмокчу.