Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап заводу кайра жанданат

Президент 12 октябрь 2026 15:00
Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап заводу кайра жанданат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы сөзүн өлкөнүн өнөр жай тарыхын эскерүү менен баштап, анда Кызыл-Кыя көмүр кени, Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап заводу сыяктуу стратегиялык мааниге ээ ири ишканалар өзгөчө орунду ээлегенин белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекет Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап заводунун ишин кайра жандандыруу максатында аларды калыбына келтирүү иштерин кайрадан колго алганын кошумчалады.

"Сурьма комбинаты “Кыргызалтын” ишканасынын карамагына өткөрүлдү. Айдаркенде сымап калдыктарын кайра иштетүүчү завод курулуп жатат", - деди президент.