Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Кадамжай районуна караштуу Жеңиш айылындагы Бабаназаров көчөсүнүн 2,4 чакырым аралыгы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жол Жеңиш, Кызыл, Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик жана Жошук айылдарына кетүүчү негизги жол болуп эсептелет. Жалпы 20 миңден ашуун калк ушул жол аркылуу райондун борборуна каттайт.
Жол куруу иштерин "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №46 Жол тейлөө мекемеси аткарды.