Кадамжайда жаңы оорукананын курулушу башталды

Аймак 01 Октябрь 2025 17:01
557008899_1339400244220094_5512876844733431219_n.jpg
557617218_1339400527553399_2002518193474246567_n.jpg
558198843_1339400197553432_6559235135042683177_n.jpg
558302190_1339400444220074_1782687056496609966_n.jpg
558302724_1339400377553414_4130314780213829701_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 90 орундуу, үч кабаттан турган, көп функционалдуу оорукананын курулушуна мезгил кутусу салынды.

Өкүлчүлүктөн маалымдагандай, иш-чарага облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев, “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун жана Кувейттин Шейх Абдулла Нурий уюмунун жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Оорукана Шейх Абдулла Нурий уюмунун каржылоосу менен курулууда.

Жаңы медициналык жайдын курулушу калктын сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Ооруканада эркектер, аялдар жана балдар үчүн ички оорулар бөлүмдөрү, гинекология жана акушердик бөлүм, жалпы хирургия, кардиология жана башка бөлүмдөр жайгашат.