"Кабардын" жаңыланышы өлкөдөгү маалыматтык саясаттын жанданышынын айкын далили - Молдокасымов

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-06-11 at 14.48.19.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жаңыланышы өлкөдө маалымат саясатынын жанданып жаткандыгынын айкын далили. Бул тууралуу тарыхчы, медиа-эксперт Кыяс Молдокасымов Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин имаратынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин “Кабар” агенттиги улуттук макамга ээ болгону менен, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келген. Журналисттердин иштөө шарттары начар болуп, имарат эскилиги жетип, заманбап талаптарга жооп бербей калган. Учурда агенттикте заманбап талапка ылайык шарт түзүлүп, жаңы техникалык база менен камсыздалды.

“Кыргызстандын өзүнүн расмий улуттук маалымат агенттиги бар. “КирТаг” деген ат менен көп жылдар бою Кыргызстандын эң алдыңкы, мамлекеттин ишенимдүү агенттиги болуп келген. Эгемендүүлүк доордон кийин мына Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги болду. Бирок ачыгын айтыш керек буга чейин агенттик улуттук деп аталган менен мамлекет улуттук деңгээлде көңүл бурган эмес. "Кабарга" киргенде эле журналисттердин шартынын жоктугу көзүңө көрүнөт эле. Журналисттердин жакшы иштеши үчүн азыркыдай шартты жана мүмкүнчүлүктү буга чейин эч ким түзүп берген эмес.

“Эшигин көрүп, төрүнө өт” деген жакшы сөз бар эмеспи, анын сыңары "Кабарга" киргенде эле капкараңгы болгон капаска киргендей сезилчү. Мына азыр агенттикке киргенде жапжарык, ичиндеги аура жагымдуу таасир калтырып турат. Мен Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн ушул "Кабар" агенттиги сыяктуу өздөрүнүн улуттук агенттиктеринин имараттарын да көрүп келгем. Алардын имараттарын көрсөң көзүң күйөт. Эмне үчүн кыргыздын улуттук агенттигине ушундай көңүл бурулбайт деп кейип жүрчү элем.

Мына азыр өлкөбүздө көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Көп имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Өзгөчө мына "Кабар" агенттигинен башталып эми, Улуттук телерадио корпорациясына, андан кийин ЭлТРге, мамлекеттик гезиттерге шарт түзүлүп, четинен жасалып жатат.

Бүгүн мындай жаркыраган имаратты көрүп, сүйүнүп жатам. Мамлекеттин маалымат саясатында көп жакшы алдыга өнүгүү жана умтулуу бар. Агенттиктин жалпы жааматына ийгилик каалайм. Мындай жакшынакай шартты абдан жакшы пайдалануу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмгек өтөй бериш керек”,-деди ал.