"Кабардын" редакциясы Тынчтык күнүнө карата жарыяланган маалыматтагы туура эмес фактылар үчүн кечирим сурайт

Коом Загрузка... 06 Август 2025 14:02
WhatsApp_Image_2025_MX279mM.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. "Кабар" агенттигинин редакциясы 2025-жылдын 2-августунда Тынчтык күнү тууралуу жарыяланган маалыматтагы айрым туура эмес фактылар үчүн Кыргыз-Япон борборунан (KRJC) жана окурмандардан кечирим сурайт.

Тактап айтканда, биздин маалыматта 1945-жылдын 3-августундагы окуялардын тарыхый контексти туура эмес көрсөтүлгөн. Бул иш-чаранын бейтарап жана тынчтыкты сактоо мүнөзүнө каршы келип, саясий сезимтал билдирүү катары кабыл алынышы мүмкүн эле.

Иш-чаранын уюштуруучусу - Кыргыз-Япон борбору эч кандай саясий билдирүү жана басымдарды жасаган эмес, тескерисинче иш-чаранын максаты — тарыхка аяр мамиле кылуу менен келечекке багыт алып, тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана үмүт тууралуу ой жүгүртүү үчүн мейкиндик түзүү экенин баса белгилешкен.

Биз бул катачылыкка терең өкүнөбүз жана "Кабар" агенттигинин редакциясы Кыргыз-Япон борборунун ишмердүүлүгүнүн негизин түзгөн тынчтык жана маданий өз ара урматтоо баалуулуктарын толугу менен колдоорун баса белгилейбиз.

Кыргыз-Япон борбору (KRJC) тууралуу

Кыргыз-Япон борбору - бул эки өлкөнүн элин жана бизнес, билим, маданият тармагындагы уюмдарын бириктирген уникалдуу аянтча.

Анын 28 жылдан ашык ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Япониянын элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Маданий көпүрө: Уюм япон маданиятын активдүү жайылтып, фестивалдарды, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү жана билим берүүчү иш-чараларын өткөрүп келет.

Билим берүү жана бизнес: Борбор Япон фондунун (JF) стандарттары боюнча япон тили курстарын, ошондой эле тажрыйбалуу жапон жана кыргыз эксперттеринин катышуусунда бизнес-семинарларды жана тренингдерди сунуштайт.

Эл аралык долбоорлор: KRJC Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (JICA) жана Япон фонду менен биргеликте адам потенциалын өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн аянтча болуп саналат.

Кыргыз-Япон борбору эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү диалогун кеңейтүүгө салым кошуу менен Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.