"Кабар" жана "Синьхуа" агенттиктеринин жетекчилери кызматташтыкты талкуулады

Коом Загрузка... 25 Июль 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-07-25 at 10.37.32.jpeg

Бишкек 25.07.25 /Кабар/. Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммити алкагында Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев менен Кытайдын мамлекеттик «Синьхуа» агенттигинин башчысы Фу Хуа жолугушту.

Жолугушууда тараптар маалымат чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин, анын ичинде жаңылык материалдары менен алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөштү.

Мындан сырткары, тараптар заманбап медиа тармагында тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана практикалык кызматташтыкты мындан ары дагы өөрчүтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.