Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Монголиянын "Монцамэ" улуттук агенттиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев билдирди.

Анын айтымында, документке бүгүн президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземинин алкагында кол коюлду. Эми Кыргызстан менен Монголия бири-бирин кызыктырган ар кайсы тармактарда маалымат алмашат.

“Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда буга чейин маалыматтык алмашуу дээрлик жокко эсе болчу. Мына бүгүн мамлекеттик деңгээлде эки тараптуу келишим түзүлдү. Анын алкагында эми акысыз маалымат алуулар болот. Анда Монголияны кызыктырган Кыргызстандагы расмий жаңылыктар аларда, Монголияныкы бизде чагылдырылып турат. Ошондой эле өзүбүз демилге көтөрүп туристтик, экономикалык жана маданий долбоорлорду иштеп чыгып, ошол багытта да иш алып барабыз. Мисалы, мамлекет бүгүнкү күндө туризмге артыкчылык берип, өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Буга байланыштуу биз туристтерди өлкөгө тартуу үчүн маалыматтык жактан көмөк көрсөтүп, монголиялыктарга өлкөбүздүн туристтик дарамети боюнча жаңылыктарды, макалаларды таратууга аракет кылабыз. Анткени мамлекеттер ортосундагы алака маалымат алмашуудан башталат. Ошондуктан биз Кыргызстанды Монголияда, Монголияны Кыргызстанда таанытуу боюнча иштерди алып барсак, менин оюмча, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын кеңейишине өбөлгө түзүлөт. Мындай иштер артыкчылык берилип жаткан башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкка да тиешелүү”, - деди ал.
Ошондой эле Медербек Шерметалиев белгилегендей, "Кабар" менен "Монцамэ" меморандумга ылайык, журналисттердин өз ара иш сапарларын жана алмашуу программаларын да уюштурушмакчы.

“Журналисттердин тажрыйба алмашуусуна келе турган болсок, биз башка өлкөлөрдүн маалыматты даярдоодогу, багыттоодогу тажрыйбаларын үйрөнүп, жасалма интеллект өнүгүп жаткан маалда заманбап технологияларды туура пайдалана билүү жана башка жаңычылдыктар боюнча журналисттерди кабардар кылуу максатында чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштуруп жатабыз. Ошондуктан журналистика чөйрөсүндөгү кызматташуу биз үчүн да, монгол тарап үчүн да маанилүү десек болот”, - деди Медербек Шерметалиев.