“Кабар” маалымат агенттиги таанылгыс болуп өзгөрүптүр – Улукбек Карыбек уулу

Коом Загрузка... 13 Июнь 2025 14:42
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги таанылгыс болуп өзгөрүптүр. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу капиталдык ремонт иштеринен кийин имараттын абалы менен таанышканда айтты.

“Кабар” агенттиги мамлекеттин саясатын, идеологиялык багытын коомчулукка жеткирип тура турган медиалардын бири. Бул агенттиктин өз тарыхы, салмагы бар.

Буга чейин агенттиктин имаратынын абалын өз көзүм менен көрүп кеткем. Мына азыр таанылгыс болуп өзгөрүптүр, муну чыгармачыл топтун, кызматкерлердин ишине шарт түзүп, кам көрүү десек болот.

Ошондой эле мамлекеттин жүзү катары көрсөк болот. Анткени өлкөгө келген коноктор, кандайдыр бир жаңылыктар ушул медиаборбордон чыгып турса, эң сонун көрүнүш”, - деди ал.