“Кабар” Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде негизги ролду ойнойт – Таабалдиев

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде негизги ролду ойнойт жана ишенимдүү, актуалдуу маалыматтын негизги булагы болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин мурдагы директору, медиаэксперт Кубанычбек Таабалдиев Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин имаратынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземинде билдирди.

WhatsApp_Image_2025-06-10_at_19.17.03_2.width-800.jpg

Анын айтымында, “Кабар” агенттиги – расмий маалыматтын борбордук түйүнү жана эл аралык аренада Кыргызстандын атынан чыккан авторитеттүү маалымат булагы.

“Эгер маалымат "Кабар" аркылуу жарыяланбаса, аны расмий деп айтууга болбойт. Агенттик өзүнүн статусуна толугу менен татыктуу. Анткени, ал эл аралык деңгээлде өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу так маалымат таратуучу маалымат булагы”- деди ал.

WhatsApp_Image_2025-06-10_at_21.23.42.width-800.jpg

Ал ошондой эле 1991-жылы СССР кулагандан бери агенттиктин имараты жана инфраструктурасы азыркыдай масштабдуу оңдоп-түзөөдөн эч качан өтпөгөндүгүн белгиледи.

“Буга чейин майда оңдоо иштери жүргүзүлчү. Азыр замандын талабына ылайык имарат толугу менен оңдолуп бүттү. Бул албетте, кубандырбай койбойт. Кыргызстанда мындай маалымат агенттиктери дээрлик жок. Мен бул жумуштун кандай аткарылганын өз көзүм менен көрдүм, бул заманбап, сапаттуу ыкма”, - деди ал.

WhatsApp_Image_2025-06-10_at_19.17.00_2.width-800.jpg

Маалымат чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга токтолуп, эксперт фейк жана дезинформация коркунучу өсүп жатканын баса белгиледи.

“Атайылап бурмаланган маалымат тараган сайын элдин нааразычылыгы күчөйт. Ошондуктан ар бир мамлекет өзүнүн мамлекеттик маалымат саясатын иштеп чыгышы керек. Бул иш-аракеттин эң эффективдүү куралы маалымат агенттиктери бойдон калуу. Кыргызстанда “Кабар” тез жооп берип, чындыкты жеткире алган, улуттук кызыкчылыкты коргой алган агенттик. Жалган маалыматты тез төгүнгө чыгарууга жана анык маалымат берүүгө жөндөмдүү жалгыз маалымат булагы”, - деди ал.