"Кабар" Кыргызстандагы эң таасирдүү маалымат ресурстарынын бири – илимий изилдөө

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 18:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. "Кабар" жана "Синьхуа" агенттиктери Кыргызстан менен Кытайдагы эң таасирдүү маалымат ресурстарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн илимий конференцияда филология илимдеринин кандидаты Айна Дүйшекеева билдирди.

"Жаңылыктар медиасындагы конструктивдүү журналистика: "Кабар" жана "Синхуа" маалымат агенттиктеринин мисалында" аталган темада баяндама жасаган окумуштуу учурда бул эки агенттиктин ишинин алкагында илимий изилдөө жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Анын айтымында, журналисттик ишмердүүлүгүндө "Кабар" жана "Синьхуа" агенттиктери турак жай, транспорт, шаарды өнүктүрүү жана коомдук жашоонун башка аспектилери сыяктуу социалдык маселелерди чагылдырууга басым жасашат.

“Изилдөөдөн белгилүү болгондой, жогоруда аталган социалдык темалар эки агенттиктин тең көңүл борборундагы узак мөөнөттүү маселелер. Мындан тышкары, аталган эки агенттиктин журналисттик материалдары өкмөттүн өлкөнү куруу жана өнүктүрүү процессиндеги ишинин оң натыйжаларын жана аракеттерин баса белгилейт. Коом менен жеке жарандардын, ошондой эле жарандар менен мамлекеттин ортосунда жарыяланган материалдар көпүрө катары өзгөчө мааниге ээ”,- деди окумуштуу.

Ошондой эле "Кабар" Кыргызстандын улуттук маалымат агенттиги катары өлкөнүн ички иштерине түздөн-түз байланышкан эл аралык маселелерге басым жасай тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Кытайдын "Синьхуа" агенттиги көрүнүктүү социалисттик багытка ээ болуп, бир эле учурда ички жана эл аралык аудиторияга багытталгандыгы айтылды.

“Негизинен эки агенттик тең медиага болгон ишенимди жогорулатуу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук прогресске салым кошуу менен өз өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Санариптик доордо алардын ролу натыйжалуу байланышты камсыз кылуу жана коомдук ишенимди бекемдөө үчүн күн санап маанилүү болуп баратат”,- деди Дүйшекеева.

Белгилей кетсек, конференцияда агенттиктик тарабынан "Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин Евразиялык мейкиндиктеги ролу" темасында доклад жасалып, бул аймакта агенттиктин негизги милдеттеринин бири Кыргызстандын позитивдүү, объективдүү имиджин калыптандыруу экендиги белгиленди.

WhatsApp Image 2025-06-03 at 18.35.03.jpeg

Ошондой эле "Кабар" - бул жөн гана жаңылыктар ресурсу эмес, Евразиялык кызматташтыктын алкагында өз ара түшүнүшүүнү, ачыктыкты, ишенимди жана колдоону бекемдөөгө өбөлгө түзгөн Кыргызстан менен дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы маалыматтык көпүрө экендиги конференцияда айтылды.