Бишкек 13.06.25 /Кабар/. “Кабар” агенттигинин жаңыланган имаратын жаңы ачылыш деп койсо болот. Себеби, имаратты кургандан дагы аны оңдоп-түзөөдөн өткөргөн татаал иш. Мындай пикирин бүгүн Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев билдирди.
“Пресс-конференция өткөрүлө турган залда абдан сонун шарттар түзүлүптүр. Бир эле пульт менен бардык ракурстарды алып, өтүп жаткан конференцияны бардык тарабынан чагылдырууга болот экен. Өлкө жетекчилигин колдоосунун астында агенттиктин жетекчиси Медербек Шерметалиев өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн колдонуп, агенттикти ушундай жогорку деңгээлге алып чыгыптыр”, - деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-июнда капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки “Кабар” улуттук маалымат агенттиги ведомство жетекчилерине жана алардын маалымат катчыларына, ЖМК башчыларына, журналисттерге, эксперттерге ж.б. тааныштырылды.