Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү эки жаңы кызматтык унаалуу болду.
Кызматтык унааларды агенттиктин жамаатына бүгүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тапшырды.
Алагөзовдун айтымында, “Кабар” агенттиги бай тарыхы бар, көп жылдан бери мамлекеттик саясатты коомчулукка жеткирүүдө маанилүү ролду ойноп келе жаткан маалымат каражаты.
“Расмий маалыматтар, коңшу мамлекеттер менен болгон дипломатиялык алакалар же башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар боюнча маалымат алууда биринчи кезекте расмий булактарга, анын ичинде мамлекеттик маалымат агенттиктерине таянышат. Бул жагынан алганда, "Кабар" агенттиги мамлекеттин позициясын коомчулукка так жеткирүүдө негизги милдетти аткарып келет”, – деди Алагөзов.
Өз кезегинде “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев кызматтык унаалар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул колдоо агенттиктин сапаттуу иш алып барышына, маалыматты коомчулукка ыкчам жана туура жеткирүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
“Он жылдан бери “Кабардын” өзүнүн транспорту болгон эмес. Мурдагы унаалар бузулуп, журналисттер коомдук транспорт менен иш-чараларга барууга аргасыз болушкан. Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги бүгүн “Тулпар моторс” автозаводунан чыгарылган жаңы унаалар менен камсыздалды. Бул – өлкө жетекчилигинин маалымат тармагына жана кыргыз журналистикасына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгынын ачык далили. Бүгүн мамлекет ар тармакта өнүгүүнү камсыз кылып жаткандай, маалымат каражаттары да заман талабына ылайык шарттар менен камсыз болууда. Бул колдоо жалпыга маалымдоо каражаттарынын сапаттуу иш алып барышына, ыкчам маалымат таратуусуна жана коомчулукка туура кызмат кылуусуна зор шарт түзөт.
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго мындай колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет”,-деди Медербек Шерметалиев.