“Кабар” агенттиги элге маалымат жеткирүүдөгү ишенимдүү булак - Аскат Алагөзов

Коом Загрузка... 05 Август 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.2025. /Кабар/. "Кабар" агенттиги элге маалымат жеткирүүдөгү ишенимдүү булак. Мындай пикирин бүгүн "Кабар" маалымат агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, “Кабар” агенттиги бай тарыхы бар, көп жылдан бери мамлекеттик саясатты коомчулукка жеткирүүдө маанилүү ролду ойноп келе жаткан маалымат каражаты.

“Расмий маалыматтар, коңшу мамлекеттер менен болгон дипломатиялык алакалар же башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар боюнча маалымат алууда биринчи кезекте расмий булактарга, анын ичинде мамлекеттик маалымат агенттиктерине таянышат. Бул жагынан алганда, "Кабар" агенттиги мамлекеттин позициясын коомчулукка так жеткирүүдө негизги милдетти аткарып келет”, – деди Алагөзов.

Ал белгилегендей, буга чейин “Кабар” агенттигине жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келген. Бирок, жакында агенттик мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, техникалык базасы жаңыланды.

“Ачыгын айтканда, буга чейин "Кабар" агенттигине жакшы көңүл бурулбай келген. Албетте, ага объективдүү жана субъективдүү себептер бар болушу мүмкүн. Жакында эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул дагы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты. Материалдык-техникалык базасы жаңыртылды. Бул деген мамлекет массалык маалымат каражаттарына өзгөчө маани берет деген сөз. Анткени, түшүнүп жатабыз азыркы учурда маалыматты коомчулукка жеткирүү маанилүү багыттардын бири болууда. Мамлекет башчыбыздын коомчулук менен байланышууда "Кабар" маалымат агенттиги чоң ролду ойноп жатат. Тагыраагы, агенттик өлкө башчысынын эл менен баарлашуусунун аянтчасы болуп калды. Бул президенттин агенттикке болгон өзгөчө мамилесинен кабар берет. Жалпысынан алганда "Кабар" агенттиги сөзүбүздү элге жеткирүүдөгү ишенимдүү булагыбыз”, – деп белигиледи ал.