К2 чокусун багындырган альпинист Эдуард Кубатов өлкөгө кайтып келди - сүрөт

Спорт Загрузка... 20 Август 2025 11:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди. Ал 11-августта К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон ийгиликтүү чыккан.

Пакистан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусу дүйнөдөгү бийиктиги жагынан экинчи орунда турат, бийиктиги 8614 метр.

Эдуард Кубатов быйылкы сезон өзгөчө оорго турганын айтты.

"Кар көп жаап, кар көчкү түшүп, тоодон таш кулап, кырсыктар көп болду. Адатта август айында К2ге эч ким чыкчу эмес. Бирок 11-августта аба ырайы эки күнгө гана ачылып, чокуга чыгууга шарт түзүлдү", — деди альпинист.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов Эверест чокусун 2021-жылы багындырган. Ал дүйнөдөгү эң бийик чокуну багынткан экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.