Үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз. Чаткалда 65 жаштагы аял изделүүдө

Аймак Загрузка... 29 Май 2025 13:13
502492870_1105012161671509_7733518405090959471_n.jpg

Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында кечээ, 28-май күнү саат 19:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 65 жаштагы аял изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каныш-Кыя айылынын Маданият көчөсүнүн тургуну 1960-жылы туулган Д.З. аттуу аял үйүнөн чыгып, ошол бойдон кайтып келбей жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бүгүн, 29-май күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 2 дрон, ИИМден 14 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.