Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоору кыргызстандыктарды көмүр менен жылытуудан заманбап жана экологиялык жактан таза жылуулук насосторуна өтүүгө чакырат.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, бул үчүн атайын насыялык жана жеңилдетилген программалар каралууда.
Мунун негизги артыкчылыгы мешке күн сайын көмүр жагуу, күл тазалоо жана күйүк жытынан коркуу деген көйгөйлөр жок болот. Система толугу менен автоматтык түрдө иштейт. Болжол менен 150 м² аянттагы үйдү жылуулук насосу менен жылытуу айына орто эсеп менен 2 080 - 2 600 сомду гана түзүшү мүмкүн. Муну менен түтүнсүз, көөсүз туруктуу жылуулук камсыздалып, шаардын абасынын тазарышына түз салым кошот", - деп айтылат маалыматта.
Иш жүзүндөгү чыгымдар үйдүн канчалык деңгээлде жылууланганына (изоляциясына), курулуштун сапатына жана климаттык шарттарга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Жылуулук насосуна өтүү — бул үй-бүлөнүн ден соолугуна жана келечекке жасалган маанилүү салым.