Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Рысбек Кашкелең уулу борбор калаадагы “Мурас” турак жай комплексинен 50 пайызын төлөө менен батир алды. Бул тууралуу ал бүгүнкү турак жайларды тапшыруу аземинде "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлө 2 бөлмөлүү жана 60 чарчы метрди түзгөн батир алышты.
“Азыркы учурда турак жайга жетпей жүргөндөр үйгө жетип жатышат. Ал үчүн президентибизге рахмат! Алыста жүргөн мекендештерибиз дагы үйлүү болушуна тилектешмин”,-деди ал.