Jaguar Land Rover дүйнө боюнча 4 миң жумуш ордун кыскартат

Коом 8 сентябрь 2026 09:55
Jaguar Land Rover дүйнө боюнча 4 миң жумуш ордун кыскартат
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Британиялык кымбат баалуу унаа өндүрүүчү Jaguar Land Rover чыгымдарды азайтып, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жакынкы эки жылда дүйнө боюнча 4 миңге жакын жумуш ордун кыскартууну пландап жатат.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, компания чыгымдарды кыскартуу аркылуу 2,3 млрд доллар үнөмдөөнү жана чыгашасыз иштөө чегин 300 миң унаага чейин төмөндөтүүнү көздөөдө.

Jaguar Land Rover кыскартуулардын басымдуу бөлүгү Улуу Британияда болуп, өндүрүшкө түздөн-түз тартылбаган кызматкерлерге тиешелүү болорун билдирди.