Үй-бүлөнү колдоо жана баланы коргоо борборлорун түзүү зарыл – Турдубекова

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук учурлары көбөйүп, маселе олуттуу көңүл бурууну талап кылууда. Биз Аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянстын мүчөсү Назгүл Турдубекованы кепке тартып, зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында кандай иштерди алып баруу керектиги тууралуу сурап, пикирин уктук.

WhatsApp Image 2025-07-01 at 17.11.53.jpeg

Назгүл Турдубекованын айтымында, өлкөдө балдардын 68%ы айыл жергесинде жашайт. Мындан улам жергиликтүү бийликтин деңгээлинде атайын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо борборлорун ачуу керек. Алардын ишин күчтөндүрүп, ресурстарын карап чыгуу зарылдыгы жаралууда.

“Зордук-зомбулуктун алдын ала турган Үй-бүлөнү колдоо жана баланы коргоо борборлорун түзүү керек. Ошол борбордун алкагында акысыз юридикалык, психологиялык жана социалдык жардам берилиши кажет. Зордук-зомбулуктун алдын ала турган иш-чараларга көбүрөөк басым кылбасак, биз бул маселени көзөмөлдөөнү колдон чыгарып жиберип жатабыз. Качан гана окуя болгондон кийин реакция кылып, үн катып калабыз. Зордук-зомбулукка кабылган баланын ден соолугун чыңдоо кыйын. Буга жеткирбей маселени кароо учур талабы болууда. Өлкө калкынын 40 пайызга жакынын балдар түзгөндүктөн, жергиликтүү бийликтин деңгээлиндеги үй-бүлөнү колдогон, баланын укугун коргогон кызмат түзүп, каржылоону карамайынча, зордук-зомбулукту токтотуу оор болуп турат”, - деди ал.

Турдубекова жаш балдар, өспүрүмдөр менен иштей ала турган адистер атайын даярдалышы зарыл деген ойдо.

“Алар көптөгөн окутуулардан өтүшү зарыл. Жан дили менен берилген өз кесибинин ээлери зордук-зомбулуктун алдын алууга аракеттерди жасашы керек. Бул боюнча социалдык кызматкерлер иштей албайт. Бул абдан сезимтал маселе. Мындай борборлор дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдө эбак эле түзүлгөн. Алар өкмөттүк деңгээлде алгылыктуу иштеп, өз натыйжасын көрсөтүп келет. Борбордо иштеген адистер кайсы үй-бүлөгө, кайсы балага даректүү колдоо керектигин билип турат. Көп багыттуу жардамдар берилмек”, - дейт Аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянстын мүчөсү.

Кыргызстанда апробация катары жети борбор түзүлгөн. Алар Бишкек, Ош, Түп, Каракол, Сокулук, Жалал-Абадда жайгашкан. Назгүл Турдубекова бүгүнкү күндө мындай борборлорду өлкө боюнча ачууга үмүт артып, аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

“Борборлор азыр иштеп жатат. Натыйжасы жакшы. Бүгүнкү күндө мындай борборлор Кыргызстан боюнча ачылып иштесе деп биз үмүттөнүп жатабыз, ошол эле маалда аракеттерди жасоодобуз. Биз бул борборлорду эл аралык өнөкөштөрдүн жардамы менен ачып, жергиликтүү бийликке өткөрүп бергенбиз. Борборлордун даректерин 111 кыска номерине чалып, сурап-билсе болот. Чалуулар акысыз, күнү-түнү кабыл алынат. Анонимдүүлүк жана купуялуулук сакталат. Бул маселени ар бир айыл өкмөттүн деңгээлинде карап чыгуу үчүн каржылоо маселеси чечиле элек”, - деди Назгүл Турдубекова.