Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилет.
Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү киреше 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле үй-бүлөнүн жеңил унаасынын чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Мындан тышкары, эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алуудан четтетилет. Айыл жерлеринде жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери да жаңыланат.
Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.