Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде иттерди сейилдетүү үчүн атайын жайлар түзүлөт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү реконструкция иштерин текшерүү учурунда тапшырма берди.
Мэриянын маалыматына ылайык, калаа башчысы сейил бактарды реконструкциялоодо үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын зоналарды карап, иттерди сейилдетүү эрежелери жазылган маалыматтык тактайчаларды орнотууну тапшырды.
"Ошондой эле Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө тротуарлар жана ирригациялык тармак жаңыланып, балдар жана спорт аянтчалары курулуп, аймак жашылдандырылат",-деп айтылат маалыматта.