Бишкекте мугалимдер жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулашты

Коом 26 Август 2026 18:00
1.jpg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Бишкекте билим берүү кызматкерлеринин "Доор өзгөрткөн билим берүү: өзгөрүүлөр, сапат, натыйжа" аттуу конференциясы өттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада жаңы окуу жылында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн кийинки этабы, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мектептерди башкаруунун заманбап ыкмалары талкууланды.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, жаңы окуу жылында 12 жылдык билим берүү программасына 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар камтылат. Мында 8-класстын окуучуларына 15ке чейинки профилдик багыттар боюнча программалар сунушталат.

781293073_1388367505984248_3001926634944722966_n.jpg

Конференциянын соңунда билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган сунуштар талкууланып, тиешелүү резолюция кабыл алынды.