Үй-бүлө куруунун үлгүсү: “Адинай” паркында жаш жубайлар бак отургузду

Коом 6 июль 2026 12:05
1783315477.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1783315484.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1783315508.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
1783315477.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1783315484.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1783315508.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Бишкекте “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясы биргелешип ишке ашырып жаткан “Жаш жубайлардын бак отургузуусу” аттуу экологиялык жана социалдык долбоордун алкагында алгачкы көчөт отургузулду.

Долбоорго биринчилерден болуп кошулган жаш жубайлар “Адинай” паркына бак отургузуп, шаардагы жаңы салттын башталышына негиз салышты.

Уюштуруучулардын айтымында, бак отургузуу үй-бүлөлүк жашоонун башталышын, сүйүүнү, ынтымакты жана келечек муундар алдындагы жоопкерчиликти символдоштурат. Ал эми жаш жубайлар үйлөнүү күнүн эстелик катары сактоо менен бирге, борбор калааны жашылдандырууга өз салымын кошууну каалашканын белгилешти.

Көчөт отургузуу ишине “Бишкекжашылкурулуш” ишканасынын адистери катышып, парктагы ылайыктуу жерди тандап беришти жана көчөттү багуу боюнча сунуштарын айтышты.