ТИМ: Израилдеги кыргызстандыктар өлкөдөн Египет аркылуу чыгып кете алат

Коом Загрузка... 23 Июнь 2025 10:30
ap23281292424704-76.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Израилдеги кыргызстандыктар өлкөдөн Египет аркылуу чыгып кете алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында египет тарап менен кыргыз жарандарына Эйлат шаарындагы Египеттин Башкы консулдугунан кыска мөөнөттүү визаларды (14 күндөн 30 күнгө чейин) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Бул Кыргызстандын жарандарына Израилден Египет аркылуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргызстандын Израилдеги Ардактуу консулунун Герцлия шаарындагы кеңсесинен Эйлат шаарындагы Египеттин Башкы консулдугуна уюшкан түрдө чыгуу 2025-жылдын 24-июну, шейшемби күнүнө белгиленди.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилден чыгып кетүүнү каалаган бардык жарандарды ыкчам түрдө төмөнкү маалыматтарды берүүнү өтүнөт:

  1. Аты-жөнү;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспортунун сериясы жана номери;
  3. Израилдеги учурдагы жүргөн дареги;
  4. Байланыш телефон номери;
  5. Паспорттун башкы бетинин сүрөтү.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды төмөнкү даректерге жөнөтүү зарыл:

  • электрондук почта аркылуу: consulkyrgyz@gmail.com;
  • же WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге: +972 53 321 4916, +90 545 689 6800.

Кошумча суроолор жаралса, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылуу зарыл:

  • Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00;
  • Кыргызстандын Герцлия шаарындагы Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498.

"Кыргызстандын ТИМи маалыматтарды берүүнү кечиктирбөөгө чакырат жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет",-деп айтылат маалыматта.