Измирде Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктары сунушталды

Экономика Загрузка... 26 Ноябрь 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Измир провинциясынын Соода палатасынын жана Эгей аймактык өнөр жай палатасынын жетекчилери жана мүчөлөрү менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн артыкчылыктарын талкуулашты.

Текстиль жана жеңил өнөр жай, жашыл энергетика, айыл чарбасы жана башка тармактардагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Руслан Казакбаев презентация аркылуу ишкерлерге Кыргызстанда инвестиция салуу жана бизнес жүргүзүү артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинде инвесторлорго мамлекеттик колдоо, өлкөнүн стратегикалык жайгашуусу, жеңилдетилген инвестициялык климат жана ЕАЭБ рыногуна салыксыз жеткиликтүүлүк жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде Измир провинциясынын соода жана өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү жергиликтүү ишкерлердин кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, ишкердик байланыштарды бекемдөөгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдиришти.

Түрк бизнес чөйрөсүнүн жетекчилери менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгында Измирде кыргыз продукциясынын экспортун илгерилетүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлоруна инвестиция тартууга багытталган бир катар соода-экономикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле кыргыз бизнес чөйрөсү менен түз байланыштарды орнотуу жана өз ара пайдалуу стартаптар менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Измирдин бизнес делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Измир — Түркиянын эң маанилүү экономикалык борборлорунун бири. Аймак өнүккөн өнөр жайы, активдүү тышкы соодасы жана Эгей деңизиндеги ыңгайлуу порттук жайгашуусу менен айырмаланат. Провинция машина куруу жана химия өнөр жайынан тартып айыл чарбасына жана азык-түлүк кайра иштетүүгө чейинки ар түрдүү өндүрүштүк базасы, ошондой эле өлкөнүн экспортундагы чоң салымы жана өнөр жай зоналары, заманбап логистикалык мүмкүнчүлүктөрү, жаңылануучу энергетика секторунун өсүшү аркылуу инвестициялардын туруктуу агымы менен өзгөчөлөнөт. Измир Түркиянын экспортунун болжол менен 9,1 пайыз камсыз кылат, ал эми анын Түркиянын ИДПсына кошкон салымы орто эсеп менен 6,1 – 6,5 пайыз деп бааланат.