Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Европадагы азыркы рекорддук ысык аба ырайы табигый процесстердин гана эмес, адам баласы тарабынан пайда болгон климаттын өзгөрүшүнүн да кесепети. Мындай жыйынтыкка World Weather Attribution эл аралык изилдөө тармагынын окумуштуулары келишти, – деп билдирет АЗЕРТАЖ.
Изилдөөдө Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүндөгү 1976-жылдан 2026-жылга чейинки эң ысык күндөр менен түндөр талдоого алынган. Бүгүнкү күндө Жер шарындагы орточо температура өнөр жайга чейинки мезгилге караганда 1,4 °Cге жогорулады (бул көрсөткүч 2003-жылы 0,8 °C, ал эми 1976-жылы 0,3 °C гана болчу).
Дания метеорологиялык институтунун климатологу Мартин Олесен билдиргендей, мындан бир нече жыл мурун мындай аптап такыр мүмкүн эмес деп эсептелсе, бүгүн "мүмкүн эмес нерсе реалдуулукка айланды".
Илимий эмгекке таянсак, Европада 2003-жылы (1540-жылдан берки эң катуу аптап болуп, 70 миңдей адамдын өмүрүн алган) мындай жогорку температуранын катталуу мүмкүнчүлүгү бүгүнкүгө караганда түнкүсүн 100 эсе, ал эми күндүз 10 эсе төмөн болгон. Эгерде азыркы аптап 1976-жылы болсо, температура азыркыдан 3,5 °Cге төмөн, ал эми 2003-жылы болсо 2 °Cге төмөн болмок.
Окумуштуулар бул кубулушту Европанын үстүндөгү туруктуу антициклон, Сахарадан келген ысык аба жана глобалдык жылуулуктун кошулушунан улам келип чыкканын түшүндүрүшөт. Бул аптаптын белгилүү "Эль-Ниньо" кубулушуна тиешеси жок.
Маалымат катары айта кетсек, буга чейин Nature Medicine журналына жарыяланган изилдөөлөр боюнча, Европада аптаптан улам 2022-жылы 61 миңден ашык, ал эми 2023-жылы 47 миңден ашуун адам каза болгон. Окумуштуулар бул тенденция сакталса, мындай кооптуу аба ырайы тез-тез кайталанып, адам өмүрүнө коркунуч жарата берерин эскертишет.