Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Зимбабвенин президенти Эммерсон Мнангагва өлкөдө миңдеген турак жайларды, мектептерди жана ооруканаларды кыйраткан катуу бороон-чапкындан кийин табигый кырсык режимин жарыялады. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын негизги очогу Масвинго провинциясынын административдик борбору Масвинго шаары болду. Анда катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан жана ири мөндүрдөн улам көптөгөн турак үйлөр жана башка имараттар, анын ичинде мектептер менен ооруканалар жабыркаган.
Зимбабвенин жергиликтүү башкаруу жана коомдук иштер министри Дэниел Гарвенин айтымында, алдын ала маалымат боюнча, текшерилген 17 миң үйдүн 90 пайызы жабыркаган.
Кырсыктан улам Улуу Зимбабве университетинде, Масвинго политехникалык институтунда жана педагогикалык колледжде окуу токтотулду. Ошондой эле шаардагы ишканалардын иши үзгүлтүккө учураган.
Учурда бийлик кырсыктан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүдө.