Кенияда Эбола вирусу катталды: Бир адам каза болуп, ондогон киши карантинге алынды

Дүйнө 7 октябрь 2026 14:40
Кенияда Эбола вирусу катталды: Бир адам каза болуп, ондогон киши карантинге алынды
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Кенияда Эбола вирусун жуктуруунун биринчи учуру катталды. Өлкөнүн жараны буга чейин Конгодо болуп, Уганда аркылуу Найробиге келген. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, эркек киши бир айга жакын ооруп жүргөн. Алгач Конгодон Кампалага унаа менен жетип, андан соң учак менен Найробиге келген. Аэропорттон медициналык текшерүүдөн өткөнү менен кийин дене табы көтөрүлүп, чыйрыгып ооруканага жеткирилген. Бейтап башкалардан обочолонгон жана дүйшөмбү күнү каза болгон.

Маркум менен байланышта болгон анын үй-бүлөсүнүн сегиз мүчөсү жана 21 медицина кызматкери карантинге алынды. Ошондой эле аны Найробиге жеткирген учактагы 23 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү изделүүдө.

Кения бийлиги бейтап оорунун белгилерин дары-дармек менен жашырып, аэропорттогу текшерүүдөн өтүп кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди.

Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору Кенияга адистер тобун жөнөтүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кения жана Уганда бийликтерине колдоо көрсөтүп, Эбола катталган өлкөлөргө барууга чектөө киргизүүнү сунуштаган жок.

Эбола вирусу оорулуу адамдын каны жана башка организмдеги суюктуктары менен түз байланышта болгондо жугат. Учурда эпидемия Конгодо жүрүп жатат. Аны менен 8 миңден ашуун адам ооруп, 4 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйылган.