Suzuki эң арзан кичи электромобилдерди чыгарат

Дүйнө 7 октябрь 2026 09:20
Suzuki эң арзан кичи электромобилдерди чыгарат
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Япониянын Suzuki Motor Corp. компаниясы 16-ноябрдан тарта алгачкы жолу e Sky моделиндеги кичи электромобилдерди сатыкка чыгарат. Баасы 2,12 млн иенден башталат. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Жаңы электромобиль Япониянын кичи электромобилдер рыногундагы эң жеткиликтүү моделдердин бири болот. Ал кытайлык BYD компаниясынын 2,14 млн иен турган Racco mini EV моделинен да арзаныраак.

Мамлекеттик 568 миң иен өлчөмүндөгү субсидияны эске алганда, Suzuki e Sky унаасынын баасы 1,552 млн иенге чейин төмөндөйт.

Компания жаңы моделди иштеп чыгууда башкаруунун ыңгайлуулугуна, айдоочу жана жүргүнчүлөр үчүн комфортко өзгөчө көңүл бурган. Бул үчүн Suzuki кичи унааларды чыгаруудагы көп жылдык тажрыйбасына таянган.

Ошондой эле унаанын салмагын азайтууга жана энергияны үнөмдүү пайдаланууга басым жасалган. e Sky бир кубаттоо менен 310 чакырымга чейин жүрө алат. Бул көрсөткүч кичи электромобилдер сегментиндеги жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Suzuki айына болжол менен миң e Sky унаасын сатууну пландоодо. Компания жаңы моделге бензин кыймылдаткычы бар унаалардын ээлерин да тартууну көздөйт.