Ижарага алынып, бирок иштетилбеген жерлер мамлекетке кайтарылат – президент

Коом Загрузка... 21 Июль 2026 12:20
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.30 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү жер маселеси, чек араларды тактоонун жыйынтыгы жана инвестициялык объекттерге аянттарды бөлүү боюнча коомчулукта талкууланып жаткан суроолорго жооп берди.

Анда мамлекет башчысы инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлерди пайдалануу тартиби кайра каралып жатканын билдирди.

"Акыркы беш жыл ичинде жер тилкелерин 49 жылга ижарага алып, бирок ондогон жылдар бою эч нерсе курбай, иштетпей, жөн гана колдон-колго сатып же башка багытка буруп жүргөн учурлар көп экени аныкталды. Жаңы эрежелерге ылайык, инвестор жерди кайсы багытта алса, ошол максатта гана пайдаланышы керек. Өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып, объектти белгиленген мөөнөттө курууга тийиш. Эгерде милдеттенмелер аткарылбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылат жана аны тез арада кура турган башка инвесторго берилет", - деп жазды өлкө башчысы.

Президент белгилегендей, өлкөдө завод, фабрика жана башка инвестициялык объекттер үчүн берилген жерлер Кыргызстандын жалпы аймагынын 0,1 пайызынан да ашпайт.

"Биз жерлерибизди сатпайбыз, бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз", – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.