Июнда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн бюджетке 41 млн сом чегерилди

Коом 4 июль 2025 18:15
515011889_1040368341605245_5139126034891403632_n.jpg
506791343_1040368614938551_3711549781388831376_n.jpg
515058919_1040367501605329_5487550104451458590_n.jpg
515275786_1040367504938662_6812941753996772783_n.jpg
Алдыга
Артка
515011889_1040368341605245_5139126034891403632_n.jpg
506791343_1040368614938551_3711549781388831376_n.jpg
515058919_1040367501605329_5487550104451458590_n.jpg
515275786_1040367504938662_6812941753996772783_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын июнь айында жүргүнчү жана жүк ташыган 96 миң 978 унаа текшерилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 890 протокол түзүлдү.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 41 млн 319 миң 468 сом чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.