Июлда Бишкекке 90 электробус келет

Коом 9 июнь 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-06-09 at 15.10.09 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 15.10.09 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 15.10.09 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 15.10.09 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-09 at 15.10.09.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Борбор каалада учурда 30 электробус бар, калган 90 даана июль айынын башында келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Депо-2нин аймагын реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каала башчысы кубаттоочу жайларды комплекстүү текшерүүнү тапшырды.

Муну менен катар учурда Депо-2нин аймагында жайгашкан имараттарды оңдоо иштери уланууда.

Белгиленгендей, жаңыланган автобазалар электробустар үчүн атайын жабдылган биринчи комплекстүү инфраструктура.

“Алар экологиялык жактан таза жана үнөмдүү шаар транспортун өнүктүрүүгө салым кошот. Базалар заманбап талаптарга жооп берип, электробустарын тейлөө, кубаттоо жана техникалык кароодон өткөрүүгө бир жерден мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.