Июлда 182 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Коом 98 18 Август 2026 10:40
--------------------------2026-04-30----13.12.14.png
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын июль айында республика боюнча 182 курулуш объектисине Техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, корутундулар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан берилди.

Анын ичинен:

  • Социалдык объектилер — 130;
  • Административдик имараттар — 7;
  • Турак жай имараттары — 27;
  • Турак эмес жайлар — 14 жана башка объектилер.
"Техникалык корутунду курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги ролду ойнойт",-деп айтылат маалыматта.