IX эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

Коом Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-07-27 at 09.22.10.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. 22–26-июль күндөрү өткөн IX Эл аралык тоолуу унаа жолдору боюнча автожүрүш ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Акыркы күнү катышуучулар Чолпон-Ата – Түп – Каракол – “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү пункту багыты боюнча жүрүп, Ысык-Көл облусундагы жолдордун абалына мониторинг жүргүзүштү. Ошондой эле К. Карасаев жана Н. Пржевальскийдин мемориалдык музей комплексине барышты.

“Каркыра” өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагындагы автожүрүштүн этабы расмий жыйынтыкталып, иш-чара андан ары Казакстанда уланат.

“Беш күндүк автожүрүштүн жүрүшүндө катышуучулар жол инфраструктурасын өнүктүрүү, тоолуу автомобиль жолдорун изилдөө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча тажрыйба алмашышты”, - деп айтылат маалыматта.