Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Ивановка айылында жайгашкан "Асыл Таш" керамика заводунда болду.
Бул ишкананы ишке киргизүү долбоору мамлекет тарабынан олуттуу колдоого ээ болгон. Финансы министрлиги мамлекеттин атынан кепилдик берип, өндүрүштү керектүү каржы ресурстары менен камсыздоого жана аймактагы өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө шарт түзгөн.
“Мамлекеттик финансылык холдинг 2023-жылдан бери жалпы суммасы 66 млрд сомду түзгөн 26 ири долбоорду каржылады. Алардын катарында бул завод дагы бар. Бүгүнкү күндө аталган долбоорлордун Кыргызстандын экономикасына кошкон жалпы салымы болжол менен 113 млрд сомду түздү”,-деди министр.
Руслан Сүйналиевдин айтымында, долбоордун жалпы наркы 40 млн АКШ долларын түзгөн. Анын ичинен 25 млн долларды Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бөлүп берген.
Заводдун директору Кубаныч Рыскелдиев билдиргендей, ишкананын өндүрүш аянты 25 миң чарчы метрди түзөт. Завод суткасына 8,5 миң чарчы метр даяр продукция чыгарууга жөндөмдүү.
Ишкананын чийки затынын 70%ы ата мекендик компоненттерден - таш, кум жана топурактан турат. Калган 30% материалдар Россия менен Казакстандан импорттолот. Учурда завод экспорттук багытты да ийгиликтүү өнүктүрүп, продукциясын ушул эле өлкөлөргө жөнөтүүдө.
Өндүрүүчүнүн ассортиментинде 100дөн ашык түрдөгү продукция бар.
“Мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу кызматташуусунун аркасында ишкана ийгиликтүү ишке кирди. Өкмөт аны долбоорлоодон тартып өндүрүш линияларын ишке киргизүүгө чейинки бардык этаптарда толук коштоп, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү органдар менен тыгыз координацияны камсыз кылды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көрсөтүлгөн колдоо үчүн өкмөткө ыраазычылык билдирем”, - деди Рыскелдиев.