Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте иттердин кол салуусунан жабыркаган баланын абалы туруктуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтаптын абалында жакшыруу байкалууда. Бала азыр өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезип калды. Учурда дарылоо улантылып, бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө экени айтылды.
"Баланы алдыда бир нече этаптан турган реабилитация күтүп турат. Учурда тиешелүү адистер менен консилиум өткөрүлүп, кийинки керектүү операциялары такталууда", — деп белгилешти ооруканадан.
Эске салсак, 1-апрелде Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунда 6 жашар бала ойноп жүрүп, кошунасынын короосуна кулап кеткен учурда ага үч ит кол салган.
Бала ооруканага баш мээсинин орто даражадагы чайкалышы, баш терисинин тытылган жаракаттары, денесинин ар кайсы бөлүктөрүндөгү көптөгөн тиштелген жарааттар жана травмалык шок диагнозу менен түшкөн.