Кыргызстанга 150 миң долларлык робот-реабилитолог берилди

Ден соолук 25 Август 2026 09:35
783857075_1370769351859141_4562563010645317084_n.jpg
783508720_1046175481391260_4302852608467285525_n.jpg
Алдыга
Артка
783857075_1370769351859141_4562563010645317084_n.jpg
783508720_1046175481391260_4302852608467285525_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon КММА басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Кыргызстанга 150 миң долларлык робот-реабилитолог берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

Сабырбек Жумабековдун айтымында, бул жабдуу операция жана травмадан кийин бейтапты калыбына келтирүүдө колдонулат.

Кайтарым негизде берилген заманбап жабдуу күн мурун Травматология жана ортопедия улуттук борборуна тапшырылды.

Белгилей кетсек, робот-реабилитолог буга чейин медицина тармагындагы кызматташуу тууралуу жетишилген макулдашуунун алкагында кытайлык компания тарабынан берилди.