Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги аянтчаларда медициналык пункттар, тез жардам бригадалары жана мобилдик госпиталь иштеп жатат.
Сааматтык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 27-августтан 2-сентябрга чейин медициналык жардам алуу үчүн 507 адам кайрылган. Алардын көпчүлүгүнө жардам жеринде көрсөтүлгөн.
Катышуучулар жана коноктор көп топтолгон Кырчын жайлоосунда алты медициналык пункт, ӨКМдин мобилдик госпиталы жана тез жардамдын 10 бригадасы иш алып барууда. Бул жерде 341 адам медициналык жардам сурап кайрылса, анын 126сы мобилдик госпиталда кабыл алынган.
Кайрылуулардын негизги бөлүгү медициналык консультацияга, анын ичинде кан басымдын жана кандагы канттын деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болгон. Ошондой эле жеңил жаракат алган учурлар катталган.
Оюндардын бардык аянтчаларында медициналык коштоо иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.