Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-мартта саат 15:00дөр чамасында Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунда болгон. Батыштан чыгышты көздөй бараткан "Мерседес-Бенц Е420" автоунаасынын айдоочусу жолдун сол тарабынан бурулуп чыккан "Фольксваген-Пассат" автоунаасынан качып, карама-каршы тилкеде келаткан "Рено-Самсунг SМ6" автоунаасын сүзгөн.
Натыйжада "Мерседес-Бенц Е420" жана "Рено-Самсунг SМ6" автоунааларынын айдоочулары окуя болгон жерден каза тапкан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан белгилешкендей, жол кырсыгында каза болгон жана жаракат алган башка адамдар такталууда. Окуя Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлигинен "Кабар" агенттигине маалымдашкандай, жол кырсыгына 11 адам кабылган. Алардын алтоо көз жумса, эки киши амбулатордук дарыланууга жиберилген. Дагы үч бейтап ооруканага жаткырылган.
"Ооруканада жаткан үч бейтаптын бири, 2 жашар наристе Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулууда. Дагы эки бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аларга операция жасалды. Экөө тең жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган", — деп белгилешти министрликтен.