Италиялык технологиялар Кыргызстандын зергерчилик тармагына келет

Экономика 650 20 Январь 2026 17:07
617595513_25623232960672262_1314755444468670758_n.jpg
619336440_25623232714005620_7557325905923163308_n.jpg
619344487_25623233027338922_3058327037131084169_n.jpg
Алдыга
Артка
617595513_25623232960672262_1314755444468670758_n.jpg
619336440_25623232714005620_7557325905923163308_n.jpg
619344487_25623233027338922_3058327037131084169_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Италияга болгон иш сапарынын алкагында Виченца шаарында өткөн Vicenzaoro эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнө барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы зергерчилик тармагындагы жаңы багыттар, колдонулуп жаткан материалдар жана технологиялар менен таанышып, италиялык алдыңкы зергерчилик компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Анда Кыргызстанда зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүнүн келечеги, заманбап технологияларды киргизүү, адистерди даярдоо, ошондой эле инвестиция тартуу жана эл аралык компаниялар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Натыйжада италиялык өндүрүүчүлөрдүн Кыргызстандагы рынокту изилдөө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.